Мамлекеттик бажы комитетинин Анжиян облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, «Достлук» чек ара бекетинде чет өлкө валютасын мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

«Жашыл коридор» аркылуу өтүүгө аракет кылган жөө жүргүнчү бажы кызматкерлери тарабынан жеке текшерүүгө токтотулган. Текшерүү учурунда анын кийиминин астынан — байпактарынан 64 миң АКШ доллары табылган.

Тартылып алынган акча убактылуу сактоого өткөрүлүп берилип, бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.