Материалдар: 1
Тоң районундагы «Жейрен ордосу» мамлекеттик зоологиялык коругунда 70 жейрен багылууда. Быйыл бул сейрек кездешүүчү ача туяктуу жаныбарлардын дагы 30 башын жаратылышка коё берүү пландалууда. Калкты калыбына келтирүү долбоору 2021-жылы мамлекеттин жана чет элдик уюмдардын колдоосу менен башталган.