Материалдар: 1
Чүй районундагы Айзат Султамамытова Астана шаарында өткөн «Борбор Азиянын мыкты педагогу» сынагында жеңүүчү аталды. Ал Чүй айылындагы В.Ф. Марков атындагы №1 мектепте математика мугалими жана окуу иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенет.