Нарын жаңылыктары
5 беттин 5-бети
Нарындын бардык жаңылыктары

Нарында мыйзамсыз канаттууларды кармоо боюнча чет өлкөлүк жаран айыпка жыгылды
Нарын регионалдык табиятты коргоо башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз канаттууларды кармоо фактысы боюнча чет өлкөлүк жаранды кармап, 20 миң сом өлчөмүндө айып салды. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө иштери жүрүп жатат.

Нарындын борбордук көчөсүндөгү ремонт 727 млн сомго бүтпөй иретеске кетти
Нарын шаарындагы Ленин атындагы борбордук көчөнүн ремонту 727 миллион сомго бааланган жана август айында башталган жумуштар азыркыга чейин бүтпөй, жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жаратты. "Кыргызавтожол" ишканасы аткарып жаткан иштердин жай жүрүшү жана асфальттын бузулуп башташы мэр Жылдызбек Беккелдиевдин сөгүшүнө кабылды.
Нурбек Сатаров Нарын облусунун тургундары менен жолугуп, суу көйгөйү, жолдордун абалы жана жер талаштарын талкуулады
Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Нарын облусунун тургундарынан келип түшкөн көйгөйлөрдү угуп, аларды чечүүнүн жолдорун изилдөөгө багытталган жолугушууларды өткөрдү. Саясий жана социалдык маанидеги талкууларда жер тилкелериндеги чыр-чатактар, суунун жетишсиздиги, жолдордун начар абалы жана дарыгер кадрларынын тартыштыгы негизги темалар болуп калды.








