Көпчүлүк зордук-зомбулукту денеге залал келтирүү деп түшүнүшөт. Бирок Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) аныктамасы боюнча, бул — физикалык күчтү же бийликти атайылап колдонуу. Ал өзүнө, башка адамга же топко багытталып, дене жаракатына, психологиялык травмага, өлүмгө, өнүгүүнүн бузулушуна же башка зыянга алып келиши мүмкүн.
Республикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун адистери зордук-зомбулуктун төрт негизги түрүн бөлүп көрсөтүшөт.
Физикалык зордук-зомбулук
Бул — жабырлануучуга денеге залал келтирүү максатында жасалган таасир. Ал уруп-сабоо, тээп, шапалак, түртүү же оор дене жаракатын келтирүү түрүндө болушу мүмкүн.
Психологиялык зордук-зомбулук
Бул — адамдын психологиялык саламаттыгына зыян келтирүү. Кемсинтүү, коркутуу, шантаж, көзөмөлдөө сыяктуу көрүнүштөр ушул топко кирет.
Экономикалык зордук-зомбулук
Материалдык басым жасоо — иштөөгө же окууга тыюу салуу, каржылык колдоодон ажыратуу, чыгымдарды толук көзөмөлгө алуу.
Сексуалдык зордук-зомбулук
Күч колдонуу, коркутуу же алдоо аркылуу адамды каалабаган жыныстык мамилеге мажбурлоо — бул да зордук-зомбулуктун оор түрү.
Эгер сизди уруп, түртүп, муунтуп же денеге залал келтиришсе, коопсуз жерге тезинен кетип, медициналык жардам алуу керек. Бул жаракаттарды каттап, укук коргоо органдарына кайрылуу үчүн маанилүү.




















