Алматыдагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахмановдун (1927-1933) ишмердүүлүгүнө арналган илимий конференция болуп өттү. Иш-чарага кыргызстандык тарыхчы-окумуштуулар катышты деп Кыргызстандын Маданият министрлиги билдирди.
Конференция учурунда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизчилеринин бири болгон Жусуп Абдрахмановдын советтик мезгилдеги ролу жана анын 1932-жылы жүргөн ачарчылык учурунда жүздөгөн миңден ашык казак качкындарын куткаруудагы зор эмгеги тууралуу баяндамалар берилди.
Казакстандык окумуштуулар Жусуп Абдрахмановдын казак элин аман сактап калуудагы салымы үчүн ыраазычылык катары жана кыргыз-казак бирдиктүүлүгүн түбөлүккө түшүрүү максатында анын эстелигин Алматы же Астана шаарларынын биринде орнотууну сунушташты.
Бул демилгени Казакстандын жогорку жетекчилигине сунуштоо пландалууда. Конференция катышуучуларынын айтымында, эстелик кыргыз жана казак элдеринин тарыхый достугунун символу болот.











