Бул, албетте, бизнес үчүн — жергиликтүү курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрүбүз үчүн чоң колдоо. Мындай ченем үчүн алар ыраазы болушат деп ойлойм.
Татьяна Ким, Салык консультанттары палатасынын төрайымы

Төрайымдын айтымында, сунушталып жаткан өзгөртүү жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн олуттуу колдоо болуп саналат.

Учурдагы роялти ставкалары

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 359-беренесине ылайык, роялти ставкалары төмөнкүдөй белгиленген:

  • алтын, күмүш жана платина, ошондой эле алардын металл камтыган рудалары жана концентраттары үчүн — 5%;
  • алтын, күмүш жана платинадан башка металлдар, металл камтыган рудалар жана концентраттар үчүн — 3%;
  • адистештирилген суу менен камсыздоо уюмдары үчүн — 5%;
  • гипске — 6%;
  • каптоочу материалдарды өндүрүү үчүн табигый таштарга — 12%;
  • таш жана күрөң көмүргө — 1%.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, гипске роялти 1,5%га, ал эми каптоочу материалдар үчүн табигый таштарга 3%га чейин төмөндөшү мүмкүн.