Жогорку Кеңештин депутаты Максат Алымбеков Бишкек шаарынын Аламедин районундагы Боз-Болток тоосунда кум-шагыл аралашмаларын казуу иштерин токтотуу зарыл экенин билдирди.
Депутат парламенттын жыйынында сүйлөп жатып, тоолор Бишкектин визиттик картасынын бири экенин, бирок карьерлердин иштешинен табигый ландшафт акырындап бузулуп жатканын белгиледи.
Алымбековдун айтымында, 2022-жылы Президент тарабынан Боз-Болток тоосун корук аймагы катары сактоо жөнүндө жарлык чыгарылган болчу. Бирок, бул чечимге карабай, кум-шагыл казуу иштери улантылып жатат.
Ал тоонун табигый көрүнүшүн сактап калуу үчүн Президенттин жарлыгы так аткарылышы керек экенин баса белгилеп, карьерлерди иштетүүнү токтотууну талап кылды.
Ошондой эле депутат Воронцовка айылындагы ичүүчү суунун сапаты боюнча маселени көтөрдү. Анын айтымында, айылдагы болжол менен 350 үй-бүлө тоо булактарынан сууну түздөн-түз өз агымы менен алышат.
Суу менен камсыздоо тутумунда хлорлоочу жабдыктар жок болгондуктан, суу тийиштүү иштетүүдөн жана дезинфекциялоодон өтпөй жатат. Бул жарандардын ден соолугуна коркунуч келтирүүдө.












