Жаңы склад Каракол шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун аймагында курулду. Бул стратегиялык маанилүү объекттин курулушуна 7 миллион 860 миң сом жумшалды.

Оорулардын алдын алуу борборунун жетекчиси Гүлүшкан Тайлакованын маалыматы боюнча, складга республикалык складдан атайын рефрижераторлор аркылуу препараттар келет. Андан кийин эмдөөчү материалдар аймактын райондук жана шаардык складдарына бөлүп жөнөтүлөт.

Складдын мүмкүнчүлүктөрү

160 000доза вакцина
13оорунун түрү
183эмдөө пункту

Заманбап муздаткычтар менен жабдылган бул имараттын өзгөчөлүгү — температуранын өзгөрүшү тууралуу маалымат кызматкерлердин мобилдик телефонуна жана электрондук почтасына автоматтык түрдө келип турат. Вакциналар төрөлүүчүлөрдөн тартып 56 жашка чейинки жарандарды камтыйт.

Жаңы складдын ишке киргизилиши калктын ден соолугун сактоо жана коллективдик иммунитетти калыптандыруу үчүн абдан маанилүү.
Гүлүшкан Тайлакова, борбордун жетекчиси