«Вкусно — и точка» тез тамактануучу ресторандар тармагы Кыргызстанда ишин 2026-жылдын аягында баштоону көздөп жатат. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Олег Пароев журналисттерге билдирген.

Кыргызстан тармактын Россиядан тышкаркы биринчи базары болуп калат. Компания азырынча Россиянын шаарлары жана аймактарында гана иштеп келсе, эми эл аралык рынокко чыгууга карай кадам таштап жатканын белгиледи.

Пароевдун айтымында, Кыргызстанда тармак жаңы франчайзи менен кызматташа баштайт. Ал эми компания орто жана узак мөөнөттүү пландарын Россиянын ичинде жаңы шаарларда филиалдарды ачуу менен катар, эл аралык базарларга чыгууну да камтыйт.

Ближе к концу года планируем открыться в новой стране — Киргизии, там будет работать наш новый партнер-франчайзи. Для нас это знаковое событие, потому что мы постоянно открываем предприятия в новых городах и регионах РФ, однако в новые государства пока еще не выходили.
Олег Пароев, генеральный директор «Вкусно — и точка»