Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев парламент депутаты Эльвира Сурабалдиеванын сынына үч жумадан кийин жооп берди. Ал Instagram баракчасы аркылуу билдирүү жасап, муниципалдык жерди мыйзамсыз ээлеп алган деген айыптоолорду четке какты.

Эгерде Бишкек шаарынын мэриясында иштеген убагымда муниципалдык жердин бир сантиметрин болсо да туугандарыма, досторума же үй-бүлө мүчөлөрүмө бөлүп берген болсом же кандайдыр бир муниципалдык объектти өткөрүп берген болсом, КР мыйзамдарына ылайык толук жоопкерчилик тартууга даярмын. Ошону менен бирге муниципалдык жерди же объектти жакындарыма бергендиги тууралуу таратылып жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганын жана коомчулукту адаштырып жатканын расмий түрдө билдирем.
Рамиз Алиев, Бишкек шаарынын вице-мэри

Алиевдин айтымында, ал сынга жооп бергиси келген эмес, бирок кырдаалды тактоо зарылчылыгы келип чыккан. Анын Instagram баракчасына жана жеке жолугушууларда жарандар муниципалдык жерди ээлеп, ал жакка супермаркет ачканы чынбы деген суроолорду беришкен.

Вице-мэр бул маалыматты четке какты. Анын айтымында, атасынын бир гана дүкөнү бар — Пишпекте, Тойгонбаев көчөсүндө жайгашкан. Ал жерди атасы 2001-жылы эле сатып алган. Ошол учурда Рамиз Алиев мектептин 11-классында окуган.

Алгач ал жерде вагончик турган, кийин павильон курулган. 2017-жылы эки кабаттуу имарат курулган. Ал учурда Алиев, эсинде калгандай, Нарындагы финансы полициясында иштеген. Учурда имарат ижарага берилет, бирок бул жеке менчик.

2016-жылы атасы имаратка тепкич куруу үчүн 8 чарчы метр жерди ижарага алган. Бул боюнча жашыл китеп бар экенин белгиледи.