Интернет тармагында унаанын үстүндө, чатында жаткан адамды ташып бара жаткан айдоочунун видеосу жайылып кеткен. Бул окуя боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкерлери текшерүү жүргүздү.

Инспекторлор видеодогу унааны аныктап, 28-ноябрдан тартып транспорт каражатын айып пул токтотуучу аянтчага алып коюшту.

15 000 сом айып пул

Айдоочуга карата тийиштүү протокол түзүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлдү.

Учурда айдоочуга мыйзам бузуусу үчүн 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.