Кайрымдуулук жардам

Нарын шаарында 200 аз камсыз болгон үй-бүлө, шаардык Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция башкармалыгында каттоодо турган, азык-түлүк жардам алды.

Азык-түлүк жардам «Катар» кайрымдуулук фонду тарабынан берилди. Анын курамына ун, өсүмдүк майы жана биринчи зарылчылыкка керек болгон башка азыктар кирди.

Мэрдин орун басары Эльмира Турганбаева фонддун өкүлдөрүнө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди, мындай кайрымдуулук демилгелери оор абалда турган үй-бүлөлөр үчүн маанилүү экенин айтты.