Борбордук Азия университетинин изилдөө тобунун жетекчиси Канат Тилекеев санариптик иш менен алектенгендердин абалы боюнча өткөн тегерек столдо сөз сүйлөп, учурдагы кырдаалга баа берди. Анын айтымында, адам салык төлөп, өз алдынча ишкер катары эсептелсе да, ал аткаруучубу же жумушчубу экени так эмес.
Исполнитель өзүнүн эмгегинин баасын өзү аныкташы керек, бирок платформалык жумушчу аны аныктай албайт. Эгер ал жумушчу болсо, ага минималдуу социалдык коргоо камсыздалышы зарыл.
Тилекеев ошондой эле салыктар, кармап калуулар жана комиссиялар боюнча түшүнүксүздүк сакталып жатканын кошумчалады. Ал эми аккаунт бөгөттөлгөндөн кийин адам жумушсуз каларын эске салды.
Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, көптөгөн респонденттер алгоритмдик башкарууга туш болушканын айтышкан. Биринчи этапта платформа көп заказ берип, киреше өсөт, бирок бир айдан үч айга чейин ал төмөндөй баштайт. Системанын кантип иштешин адамдар түшүнбөй, жыйынтык боюнча гана баа беришет.
Изилдөөчүнүн пикиринде, адамдар сый акы системасынын кандай калыптанарын жана эмне үчүн заказ бир таксистке берилип, башкасына берилбесин түшүнүшү керек.






