Социалдык фонд платформалар аркылуу иштеген таксисттер жана курьерлер үчүн 1% өлчөмүндө социалдык төгүм ставкасын белгиледи. Бул тууралуу Соцфонд төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Эмгек министрлигиндеги тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, мындай төгүм менен адам болжол менен 500 сом өлчөмүндө пенсия «иштеп алат», ал эми 8,8 миң сом болгон минималдуу пенсияга чейин жетпеген бөлүгүн мамлекет кошумчалайт. Ставка акырындап, эң жогору дегенде 5%га чейин көтөрүлөт. Ошентсе да, Жуматаеванын белгилешинче, 5% дагы маселени толук чечпейт.
Төгүмдөр жана пенсия
Жуматаева төмөн ставка камсыздандыруу маданиятын калыптандыруу жана сектордо канча адам иштегенин түшүнүү үчүн тандалганын түшүндүрдү.
Ал платформалык жумушчулардын статусунун белгисиздигин жана туруксуз кирешеде төгүмдөрдүн базасын аныктоонун татаалдыгын негизги кыйынчылыктар катары атады. Анын пикиринде, төлөө боюнча жоопкерчилик платформанын ээсине жүктөлүшү керек.









