29-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жолдордун айрым бөлүктөрүндө транспорт каражаттардын кыймылы убактылуу чектелет.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул чектөөлөр мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү менен байланыштуу.

Кыймыл мезгил-мезгили менен токтотулуп, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштейт.

Министрлик айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү маршруттарын алдын ала пландап, чектөө кирген тилкелерде жолго чыкпоо же сак болууга чакырат.

Ошондой эле жарандардан жол кыймылын көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлеринин талаптарын так аткаруу суралууда.