Улуттук онкология жана гематология борборунда ядролук медицина борборун куруу боюнча долбоор каралып жатат. Бул багыт өлкөдөгү онкологиялык жардамды өркүндөтүү үчүн өтө маанилүү экени белгиленди.

Борбордун директору Бахадыр Бебезовдин айтымында, ядролук медицина көптөгөн өлкөлөрдө жигердүү өнүгүп жаткан багыт болуп саналат. Кыргызстандын онкологиялык кызматтарын өнүктүрүү үчүн бул жаңы технологияларды киргизүү зарыл.

Азыр биз анын ишке ашырылышын күтүп жатабыз жана курулуштун жакын арада башталышына үмүттөнөбүз. Бул онкологиялык кызматты өнүктүрүү үчүн келечеги бар багыт.
Бахадыр Бебезов, Улуттук онкология жана гематология борборунун директору

Аталган долбоорду ишке ашырууда «Росатом» компаниясы менен кызматташуу пландалууда. Директордун маалыматы боюнча, учурда бул багыт боюнча иштер жүрүп жатат.