Түрк Limak Inshaat компаниясы жана Катардын Hamad Bin Khalid Contracting Company (HBK Contracting) компаниясы Өзбекстандагы «Жаңы Бухара» аэропортун куруу жана башкаруу боюнча өткөн эл аралык тендердин жеңүүчүсү деп табылды. Бул тууралуу Uzbekistan Airports компаниясы билдирди.

Долбоор «куруу — өткөрүп берүү — башкаруу» (BTO) модели боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашырылат. Жеңүүчү тарап жүргүнчүлөрдү тейлөөчү терминалды, вокзал алдындагы аянтчаны, унаа токтотуучу жайларды жана коштош инфраструктураны курат.

Долбоордун негизги көрсөткүчтөрү

1200жүрүмдүүлүк (саатка)
23жылдык келишим мөөнөтү
3жылга чейинки курулуш мөөнөтү

Аэродромдук комплекске, анын ичинде взлет-посадка тилкеси жана перронду куруу жана эксплуатациялоо мамлекеттин карамагында калат. Объекттерди мамлекетке өткөрүп бергенден кийин, консорциум келишимдин алкагында аларды башкарууну улантат.

Тендер 2026-жылдын 12-мартында жарыяланып, эки этаптан өткөн. Алдын ала тандоодон кийин алты эл аралык компания катышууга укук алган, ал эми жеңүүчүнү ведомстволор аралык тендердик комиссия аныктаган.