Түрк дүйнөсүнүн археологдору мурастарын бирдиктүү санариптик базага чогултууну макулдашты. Венгриянын Бугац шаарында өткөн Түрк дүйнөсүнүн археологиялык илимий изилдөө мекемелеринин жана борборлору ассоциациясынын (ARICA) үчүнчү жыйынында бул тууралуу жарыяланды.
Жыйында Кыргыз Республикасы Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун директору Абылабек Асанканов, Түрк Академиясынын президенти Шаин Мустафаев, Венгриянын «Туран» фондунун президенти Андраш Биро жана Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Монголия, ошондой эле Венгриянын улуттук музейи жана Түрк тарых коомунун өкүлдөрү катышты.
АРИКА эл аралык программасынын алкагында биргелешкен археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, жыл сайын приоритеттүү археологиялык объекттер тандалып, казуулар, документтештирүү жана илимий талдоо иштери жүргүзүлмөкчү.
Программа алкагында улуу Жибек жолунун шаарлары, эрте түрк доорунун эстеликтери, байыркы сугат тутумдары, Евразиянын көчмөн маданияттарынын археологиялык мурасы жана орто кылымдгы өндүрүш борборлору сыяктуу багыттар каралууда.
Долбоордун кыркунагы катары түрк өлкөлөрүндөгү маанилүү археологиялык объекттерди, алардын жайгашкан жери, хронологиясы, илимий баяндоолору жана фотоматериалдары менен маалыматтарды камтыган электрондук атлас, ошондой эле маалыматтар алмашуу үчүн санариптик портал түзүлөт.