Kaktus.media басылмасы билдиргендей, социалдык тармактарда 24-июль күнү Ысык-Көл облусундагы «Париж» пансионатынын жээгинде сууга чөгүп кеткен кыз жөнүндө видео жарыяланган. Бул маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташкан.

Милициянын маалыматы боюнча, каза болгон кыз 12 жашта болгон. Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Учурда окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.