Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 13-14-ноябрда эки күндүк чоң салтанат өттү. Түгөлбай Казаковдун юбилейине арналган бул кече өнөр адамдарын, маданият ишмерлери жана музыка сүйүүчүлөрдү бириктирди.

Программанын алкагында композитордун калемине таандык обон-күүлөр жана чыгармалар аткарылып, катышуучуларга анын бай чыгармачылык мурасы тартууланды. Иш-чара учурунда белгилүү обончунун улуттук искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымы өзгөчө белгиленди.

Түгөлбай Казаков учурда Кыргыз улуттук «Манас» театрынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенет. Кечеге катышкан чыгармачыл инсандар маараке ээсине жылуу каалоо-тилектерин жана куттуктоолорун билдиришти.