АКШ президенти Дональд Трамп 27-октябрда Техас штатындагы Корпус-Кристи шаарында өткөн шайлоо алдындагы митингде Венесуэланы Америка Кошмо Штаттарынын 51-штаты кылуу идеясын айтты. Ал Венесуэла гүлдөп-өскөн өлкө боло аларын белгилеп, аны АКШга кошуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Балким, бир күнү, жакында эле, ал гүлдөп-өскөн 51-штат болуп калат. Бул мүмкүн. Келгиле, муну жасайлы. Келгиле, аны 51-штат кылалы, президенттин ордуна губернаторду шайлайбыз. Кандай карайсыз?
Дональд Трамп, АКШ президенти

Трамп ошондой эле Венесуэланын ири мунай запастарына жана эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгына көңүл бурду. Ал Техаска 1 миллион баррель венесуэла мунайы жүктөлгөн танкер келгенин билдирди.

Белгилей кетсек, Трамп мындай идеяны 2026-жылдын май айында да айткан. Ал учурда Венесуэланы Америка штатына айландыруу мүмкүнчүлүгүн олуттуу карап жатканын билдирген.

Венесуэланын жообу

Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес бул демилгени четке какты. Ал өлкө өз көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Венесуэла — колония эмес, эркин өлкө.
Делси Родригес, Венесуэла президентинин милдетин аткаруучу

Контекст: январь окуялары

Эске салсак, 2026-жылдын январында америкалык аскерлер Венесуэлада операция жүргүзүп, президент Николас Мадуро жана анын жубайын колго түшүрүшкөн. Алар АКШга алып келинген, Мадурого баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу айыптар тагылган.

Ошондон кийин мамлекет башчысынын милдетин Делси Родригес аткарып келет.