Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн жаранды экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкташкан.

Кармалган жаран коңшу мамлекеттин 1999-жылы туулган А.А. аттуу атуулу экени белгилүү болду. Учурда ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кийинки иш-аракеттер мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлөт.