Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Шекер айылында «Чыңгыз Ааламы» маданият-мемориалдык комплекси курулууда. Бул долбоорго тиешелүү иштер буга чейин бекитилген график боюнча жүргүзүлүп, учурда комплекстин даярдыгы 70%ды түздү.

Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин орун басары Талантбек Иманакун уулу менен президенттин Талас облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жуматаев комплекстин курулуш барактарын жеринде таанышты.

Комплекске Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, китепканасы, кинотеатры, мейманкана жана башка инфраструктуралык объектилер курула турганы пландалган. Курулуш иштери 2025-жылы «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы тарабынан башталган.