Талас облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аттестациялоонун биринчи этабын аякташты. Бул иш-чара мыйзамдардын, ИИМдин жана Талас облусунун ИИБдин буйруктарын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Облустук ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмү 17-ноябрда кызматкерлердин даярдык деңгээлин текшерүү үчүн иштерди уюштурду. Бул этаптын алкагында кызматкерлер төмөнкү багыттар боюнча өзүнүн чеберчилигин көрсөтүштү:

  • Атуу боюнча нормативтер
  • Физикалык даярдык
  • Боевой самбонун бир бөлүгү

Аттестациялоонун экинчи этабында кызматкерлер теориялык билимдерин текшерүү үчүн атайын тест тапшырышат. Андан соң ар бир кызматкер менен маектешүү өткөрүлүп, аттестациянын жыйынтыгы чыгарылат.