Кыргызстанда лыжа туризми боюнча инструккторлор үчүн бирдиктүү талаптар түзүлөт. Бул тууралуу Физикалык культура жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирүү жасады.
Бул демилге мамлекеттин кызматкерлери жана адистер катышкан тегерек стол жыйынында көтөрүлдү. Анда кесиптик стандарттар жана квалификациянын тармактык алкагы талкууланды.
Биринчиден, кесиптик профилдер аныкталышы керек
Лыжа туризми инструкктору кесиби үчүн өзгөчөлөнгөн стандарттар иштелип чыгышы зарыл. Алар адистин билүү деңгээлин, көндүмдөрүн жана көнүл буруусун камтышы керек.
Жыйында инструккторлордун квалификация деңгээлин жогорулатуу, алардын кесиптик иштеринин багыттарын тактоо маселесине өзгөчө көңүл бөлүндү.
Коопсуздук жана окуу программасы — стандартта негизги орунда
Стандартка талаптар катары туристтер менен иштөө, лыжа тебүүнүн техникаларын үйрөтүү жана окутуу-даярдоо иштерин уюштуруу камтылат.
Бул жаңы талаптар адистердин даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле лыжа туризми тармагында иштеп жаткан инструкторлор үчүн квалификация критерийлери так жана түшүнүктүү болушуна көмөктөшөт.







