17-ноябрда Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкерчилик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Базар-Коргон шаарынын экономикалык абалы талкууланды. Депутат Талайбек Масабиров бул шаарга 5 миллион сом бөлүп берүүнү сунуштады. Анын айтымында, Базар-Коргон 2021-жылы шаар статусуна ээ болгону менен, андан бери анын өнүгүүсү үчүн каражат бөлүнбөй келген.
Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев республикадагы 34 шаардын ичинен Базар-Коргон гана дотацияга муктаж болуп жатканын тактады. Бул маселени чечүү максатында Жалал-Абад облусунун администрациясы менен биргеликте алгачкы эки-үч жылга карата атайын план түзүү керектигин белгиледи.
Шаарлар дотацияга көз каранды болбошу керек














