Минск шаардык соту 2026-жылдын 6-августунда криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин өлтүрүлүшү боюнча иштин алкагында өкүм чыгарды. Кыргызстандын жарандары Гүлжигит Абилазизов менен Бектурсун Торобаев топ болуп, өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү кылмышына күнөөлүү деп табылды.
Соттун чечими менен Гүлжигит Абилазизов күчөтүлгөн режимдеги колонияда 18 жыл жаза мөөнөтүн өтөөгө тийиш. Ал 2024-жылдын 6-августунда Казакстанда кармалып, андан кийин Беларуска өткөрүлүп берилген. Бектурсун Торобаев болсо 13 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилди. Ал 2025-жылдын 15-июлунда Орусияда кармалган. Бул иш боюнча дагы бир адам эл аралык издөөдө жүрөт.
Сот өкүмүндө кылмыштын уюштуруучусунун аты аталган жок. Болжолдуу уюштуруучуларга карата тергөө иштери уланып жатат. Мындан тышкары, укук коргоо органдары Абилазизовдун буга чейин кыргызстандык тергөөчүлөргө берген жалган көрсөтмөлөрүнүн жагдайларын текшерип жатышат.
Белгилей кетсек, Алманбет Анапияевдин өлүмүнөн көп өтпөй, Абилазизов Кыргызстанда күбө катары фигурацияланган. 2015-жылдын февраль айында ал Бишкекке келип, ИИМге көрсөтмө берген. Ал кезде ал Анапияевдин жакын адамы болгону, аны менен чогуу жашаганы, тамак жасаганы жана Минсктеги окуяга чейин жанында болгону айтылган. Абилазизов тергөөчүлөргө Анапияев жоголгонго чейин батирде бир нече эркектерди көргөнүн, андан кийин алар үйдөн кездемеге оролгон буюмду унаага салып алып кеткенин байкаганын билдирген. Бирок азыр Беларус соту Абилазизовду киши өлтүрүүнүн түздөн-түз катышуучуларынын бири деп тапты.
















