Сузак районунун Кызыл-Багыш айылынын тургуну Элиза Ахмедова бир нече жыл бою чет өлкөдө иштеп, андан соң мекенине кайтып келген. Ал өзүнүн ишкердик идеясын ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан берилген акысыз жардамды пайдаланган. Алгач мал чарбасы менен алектенген аял кийинчерээк теплица куруп, жашылча өстүрүүгө өткөн.

34 жаштагы Элиза экономист-бухгалтер адистиги боюнча билим алган. Бирок төмөн айлык акы жана декреттик өргүүдөн улам өз кесиби боюнча иштебей калып, кийинчерээк үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында Россияга эмгекке кеткен. Улуу уулунун ооруп калышынан улам ал Кыргызстанга кайтып келген.

Менде жогорку билим бар. Кызыл-Багыш айылында менин адистигим боюнча жумуш аз болчу. Эгер шаарга барып иштесем, тапкан акчам жол киреге жана тамак-ашка гана жете турган.
Элиза Ахмедова

Өлкөгө кайтып келгенден кийин Элиза үч баласы үчүн берилүүчү жөлөкпулдон баш тартып, анын ордуна мамлекеттен 100 миң сом өлчөмүндө акысыз жардам алган. Бул каражатты ал алгач мал сатып алууга жумшаган.

100 000 сом мамлекеттик жардам

Элиза бул каражатты алгач мал чарбасын баштоо үчүн колдонгон