Кыргызстандын тарыхын жана салттуу турмуш-тиричилигин көрсөткөн маданий иш-чара Сауд Арабиясынын өкүлдөрү үчүн уюштурулду. Конокторго элдин руханий мурасын чагылдырган өзгөчө көргөзмө сунушталды.
Жогорку Кенештин расмий басмалыгынын маалыматына ылайык, делегация үчүн улуттук музыкалык чыгармалар аткарылды. Андан сырткары, меймандарга кыргыздын кол өнөрчүлүгүнүн үлгүлөрү жана турмуш-тиричилик буюмдары көрсөтүлдү.
Сауд Арабиясынын Консультативдик кеңешинин (Маджлис Аш-Шура) төрагасы шейх доктор Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль Аш-Шейх жетектеген делегация кыргыздын улуттук маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алды.



















