Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук ден соолук улуттук институтунун Инфекциялык көзөмөл жана медициналык калдыктарды башкаруу илимий-практикалык борборунун жетекчиси Асель Каныметова антибиотиктердин натыйжасыз болуп калуусу боюнча иштердин системалуу эмес экенин билдирди.
Аталган адис «Противомикробдук препараттарды рационалдуу колдонуу: «Бирдиктүү ден соолук» мамилеси» аттуу эл аралык конференцияда сөз сүйлөп, өлкөдө дарыларга туруктуулуктун көрсөткүчү жыл сайын өсүп жатканын белгиледи.
Бул маселе медицина тармагынын гана көйгөйү эмес, ветеринариянын да көйгөйү. Анткени антибиотиктер адамдарды дарылоо үчүн гана эмес, мал чарбачылыгында да колдонулат. Алар тамак-аш жана айлана-чөйрө аркылуу организмге кириши мүмкүн.
Учурда бул коркунучтуу процессти токтотуу үчүн саламаттыкты сактоо тутумунда лабораториялык база күчөтүлүп, медициналык жардам көрсөтүүдөгү инфекцияларды баалоо системасы иштеп жатат. Ошондой эле кандын инфекциясын изилдөө боюнча улуттук программа жүргүзүлүүдө.
Изилдөөгө катышкан объекттер
Изилдөө учурунда республика боюнча 40 стационар жана үч борбордук референс-лаборатория камтылган. Азыркы учурда алынган маалыматтарды иштеп чыгуу процесси жүрүп жатат.






