Президент Садыр Жапаров Россияда камакка алынган кыргызстандыкты экстрадициялоо маселесин карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен болгон жолугушусунда белги болду.

Чүй облусунун Кошой айылынын тургуну президентке 2023-жылы Россияда камакка алынган кызына жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Анын айтымында, кызы гүл дүкөндө иштеп жүргөндө, эки кардар гүлдөр үчүн урушуп калган. Натыйжада, гүл сатып ала албаган адам кыздын жанына баңгизатды жашырып койгон, бул болсо анын камакка алынышына себеп болгон.

Айым бул маселе боюнча бир нече жолу Башкы прокуратурага кайрылганын, бирок азырынча эч кандай жыйынтык болгон жоктугун билдирген.

Арызды угуп чыккан Садыр Жапаров, Россияда камакка алынган кыргызстандыкты ата мекенге экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.