Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Коллективдик коопсуздук келишими жөнүндө уюмдун (ОДКБ) Коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Чоң Кремл сарайына келди. Бул тууралуу Президенттин администрациясы билдирди.

Иш-чаранын алкагында келген мамлекеттердин лидерлерин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды. Саламдашуу церемониясы жана мамлекет башчылардын биргелешкен сүрөткө түшүү адаттары аяктагандан кийин, лидерлер тарк форматтагы жыйынга катышты.

Отурумга төмөнкү мамлекеттердин президенттери катышып жатат: