Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Адылбек Касымалиев тышкы карыздын өзү маселе жаратпасын баса белгиледи. Анын айтымында, карыздын өлчөмүнөн көбүрөөк, карыздын өлкөнүн Ички Дүйнөлүк Продуктка (ИДП) катышы маанилүү.

«Азыркы учурда биздин ИДП 2 триллион сомго жетти. Мисалы, Аскар Акаевдин убагында, эгерде сиздин чөнтөгүңүздө 100 сом болсо, карызыңыз 120 сомду түзгөн. Азыр болсо, 100 сомдун ичинен карызыңыз болгону 39 сом», — дейт премьер-министр.

Ал мурдагы карыздар боюнча чоң долбоорлор бүткөрүлбөй калганын жана каражаттар уурдалып кеткенин белгиледи. Ал эми азыркы карыздар ири долбоорлорду ишке ашырууга багытталгандыктан, келечекте өзүн өзү актайт жана бюджетке кошумча жүк болбойт.

Касымалиев 2020-жылга чейин Кыргызстанда бюджеттин дефицити 20 миллиард сомду түзгөнун, ал учурда ИДП болгону 640 миллиард сом экенин айтты. Ошол убакта тышкы карызды төлөө чоң кыйынчылык жаратканы түшүндүрүлдү.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыздын ИДПга катышы 39 пайызды түзгөн. Кабинет министринин планына ылайык, 2030-жылга чейин бул көрсөткүч 60 пайыздан ашпоосу керек.