«Зарубеж-Экспо» АК көргөзмөсүнүн директору, көргөзмө долбоорлорунун жетекчиси Светлана Забелина Кыргызстандын россиялык компаниялар үчүн эмнеси менен жагымдуу экенин, кайсы жергиликтүү товарлар Россияда суроо-талапка ээ экенин жана республикада бизнес ачуу үчүн инвесторлорго эмне керек экенин айтып берди.
Бишкекте өтө турган Expo Eurasia Kyrgyzstan көргөзмөсүнө Россиянын 20дан ашык аймагынан 100гө жакын компания катышат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында айтылды.
Соода жүгүртүү жана кызматташуу динамикасы
Светлана Забелинанын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү активдүү өсүүдө. 2025-жылы ал 5 миллиард доллардан ашты, ал эми быйылкы жылдын беш айында былтыркы көрсөткүчтөн дагы 25% жогору болду. Россиянын Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүндөгү үлүшү 27,1% түзөт.
Соода көрсөткүчтөрү
Кыргызстан россиялык ишкерлер үчүн географиялык жайгашуусу, достук мамилелери жана ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүгү менен жагымдуу. Андан тышкары, республиканын ЕАЭБ, КМШ, ШКУ, БРИКС жана башка бирикмелерге мүчөлүгү кызматташууга кошумча шарттарды түзөт.
Көргөзмөнүн катышуучулары жана программасы
Россиялык делегация 300гө жакын адамды камтыйт: компаниялардын өкүлдөрү, импортёрлор, аймактардын соода-өнөр жай палаталары, ассоциациялар жана союздар. Орусиялык экспозицияда 48дей компания көрсөтүлөт, ошондой эле эки ири аймактык стенд уюштурулат.
Бизнес жана инфраструктура маселелери
Талкууда Кыргызстанды газдаштыруу, кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү, курулуш жана жаңы транспорттук каттамдар темалары козголду. Светлана Забелина эл аралык төлөмдөрдө жана товарларды жеткирүүдө кандай кыйынчылыктар бар экенин, көргөзмөлөр келишимдерди түзүүгө кантип жардам берерин жана алдыдагы иш-чарага кимдер катыша аларын түшүндүрдү.
Көргөзмө Кыргызстанда экинчи жолу өтүүдө. Алгач 2022-жылы өткөн. Уюштуруучулар республикага жергиликтүү рыноктун россиялык бизнес үчүн жагымдуулугу жана эки тараптуу сооданын активдүү өнүгүшү аркасында кайтып келүүнү чечишти.







