Забелинанын айтымында, Россиянын Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүндөгү үлүшү 27,1% түзөт.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода активдүү өнүгүп жатат. Кыргызстан географиялык абалы, достук эки тараптуу мамилелери жана ишканаларды ачуудагы жеңилдиктери аркасында орусиялык бизнес үчүн абдан жагымдуу.
Светлана Забелина, Expo Eurasia Kyrgyzstan көргөзмөсүнүн директору

Мындан тышкары, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ), Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ), БРИКСке жана башка эл аралык түзүмдөргө катышуусу эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Негизги көрсөткүчтөр

5 млрддоллардан ашкан соода жүгүртүү
25%беш айдагы өсүү
27,1%Россиянын үлүшү