Россиянын Коопсуздук кеңеши тарабынан берилген маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи тогузуз айында чет элдик жарандарга карата 1,8 миллион административдик протокол түзүлгөн. Бул учурда мигранттарды өлкөдөн чыгаруу жөнүндө 143,1 миң чечим кабыл алынган.
Административдик укук бузуулар үчүн мигранттарды чыгаруу боюнча чечимдердин саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсеге көбөйүп кеткени белгиленген.
Негизги көрсөткүчтөр
Ноябрь айынын башына карата соттук аткаруучулар өлкөдөн 63 миңден ашык чет элдикти чыгарып салган. Россиянын бийлиги миграциялык саясаттын катаалдашын коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо менен түшүндүрүшөт.
Буга чейин чет элдиктер тарабынан жасалган жана мигранттарды чыгарууга негиз боло турган укук бузуулардын тизмеси Административдик кодекстин 22 беренесинен 45 беренеге чейин кеңейтилген.








