Буга чейин мындай жоопкерчилик чарасы 22 беренеде каралса, эми алардын саны 45ке жетти. Бул өзгөртүүлөр миграциялык тармакта тартипти орнотуу максатында кабыл алынды.
Эми ноябрдан тарта мигрантты төмөнкү укук бузуулар үчүн өлкөдөн чыгарып жибериши мүмкүн:
- полиция кызматкеринин же мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдетин аткарып жаткан аскер кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө;
- адамдык кадыр-баркты жана коомдук адеп-ахлакты кемсинткен маалыматты интернетте таратуу;
- коомдук тартипти бузуу;
- Россиянын Куралдуу күчтөрүн колдонууну дискредитациялоого багытталган ачык аракеттер, Россия Федерациясына, анын жарандарына же компанияларына карата саясий же экономикалык санкцияларды киргизүүгө же узартууга чакырыктар;
- дискриминация, башкача айтканда, адамдын жынысына, расасына, терисинин түсүнө, улутуна, тилине, жашына, динге болгон мамилесине ж.б. жараша укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу.
Мамлекеттик Думанын депутаттары мындай чечимди миграциялык тармакта тартипти орнотуу зарылчылыгы менен түшүндүрүштү.



















