Россиянын Мамлекеттик думасы «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген жаңы документти жактырды. Бул мыйзамга ылайык, китепкана фондусуна жеткиликтүүлүк чет өлкө кызыкчылыгын көзөгөйлөөчү агенттер жөнүндө мыйзамдар менен бирге аныкталат.
Мыйзам долбоорун сунуштаган маданият комитетинин мүчөсү Сергей Ковалевдин айтымында, Мамлекеттик дума «чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгын көздөп иштеген адамдардын таасирине каршы туруу боюнча системалуу иш алып барууда».
Документтин жаңы редакциясына ылайык, чет өлкө агенттери тарабынан жаратылган же алардын катышуусу менен чыгарылган китептерге карата бир катар катаал талаптар коюлат:
- Бул китептерге «18+» жаш курагындагы чектөө коюлушу керек
- Авторлордун статусу китептин мукабасында же басып чыгаруу маалыматтарында көрсөтүлүшү шарт
- Чет өлкө агенттеринин китептерин соода залында беттери менен көрсөтүүгө жана аларды жарнамалоого тыюу салынат








