Россиянын Ички иштер министрлиги 2027-жылга чейин балдарга каршы сексуалдык кылмыш жасагандар үчүн бирдиктүү реестр түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу «Коммерсантъ» басылмасы билдирди.
Реестр кылмышкерлерди табууга, учурда издөөдө жүргөндөрдү аныктоого жана курмандыктарды сактоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле ал иликтөөлөрдө далил катары маалыматтарды сактоо менен ишти натыйжалуу жүргүзүүнү камсыздайт.
Ички иштер министрлиги ушул эле категориядагы айыпталуучулар үчүн электрондук билериктер киргизүүдө. Бул жол-жобо көзөмөлдү күчөтүп, кылмыштарды алдын алууну жакшыртууга багытталган.
Мындан тышкары, балдар порнографиясына байланыштуу жоопкерчиликти күчөтүү максатында Уголовдук кодекске өзгөртүүлөр киргизүү пландалууда. Мыйзам долбоору балдардын порнографиялык материалдарын сактоо, өндүрүү, сатып алуу жана жайылтууну жазалоону кеңейтет.
Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү дээрлик 80 учур катталганын Башкы прокуратура билдирген.








