Кыргызстандыктар үчүн мамлекеттик органдар менен түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берген жаңы «Сунуш» платформасы тааныштырылды. Бул технологиялык чечим жарандардын сунуштарын кабыл алуу жана алардын көйгөйлөрүн чечүү максатында түзүлгөн.
«Сунуш» платформасынын автору, мамлекеттик ишмер Темирбек Эркинов бул долбоордун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бул система «Түндүк» платформасынан айырмаланып, элдин сунуштарын жана арыздарын мамлекеттик түзүмдөргө жеткирүүгө багытталган.
Долбоор алдын ала эл аралык деңгээлде да таанылды. Темирбек Эркиновдин билдирүүсүнө караганда, платформа Женевадагы эл аралык форумда көрсөтүлгөн жана ал жерден башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү тарабынан кызыгуу жараткан.
Бирок платформанын натыйжалуулугу мамлекеттик кызматкерлердин өз ыктыярына байланыштуу болот. Эгерде мамлекеттик органдар жарандардын сунуштарына жооп берүүгө даяр болсо гана, система толук кандуу иштеп, эл менен бийлик ортосундагы байланышты камсыз кылат.










