Бишкек, 28-октябрь. Россиянын президенти Владимир Путин "Россия — Африка" саммитинде Батыш Африка өлкөлөрүн карыз кулчулугуна түртүүгө аракет кылып жатканын айтты.

Путиндин айтымында, тарифтик согуштар жана мыйзамсыз санкциялар неоколониализмдин куралы болуп саналат.

Россия лидери көп уюлдуу дүйнөнүн калыптанышы оңойго турбай жатканын, бул процесске реалдуулукту кабыл алгысы келбеген өлкөлөр каршылык көрсөтүп жатканын белгиледи.

Батыш Африканы карыз кулчулугуна айдоого активдүү аракет кылууда
Владимир Путин, Россиянын президенти

Колониалдык доордун кесепеттери Африкада бүгүнкү күнгө чейин сезилип жатканын баса белгилеген Путин, континент мамлекеттерине өз ресурстарын өздөрү башкарууга мүмкүндүк берүүчү чечимдер керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, ал Россия менен Африка чогуу адилеттүү көп уюлдуу дүйнөгө өтүү үчүн шарттарды түзүп жатканын айтты.