Чүй областынын өнөктөш өкүлү Элкинбек Аширбаев өлкөдө сексуалдык кылмыштар боюнча кайсы бир учурларда негизсиз айыптоолор көбөйүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал Кызыл-Туу айылындагы тургундар менен жолугушкан учурда белгиледи.
Айыл тургундары айыпталуучу катары каралып жаткан бир туугандарын негизсиз айыптап жатышканын билдиришип, өздөрүнүн укуктарын коргоого көмөк көрсөтүүнү суранган.
Аширбаев бул маселенин кылдат иликтениши зарыл экендигин белгилеп: «154, 157 жана 158-беренелер боюнча кайрылуулар бар. Кимдир бирөөлөр бул беренелерди жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатышы мүмкүн. Эгерде мындай тенденция бар болсо, аны изилдөө керек. Ошондой эле кылмыш иштеринин тергөөнүн сапатын жана соттордун окшош шарттардагы айырмачылыктарын текшерүү зарыл. Эң негизгиси – эч ким мындай жагдайлардан коопсуз эмес. Проблема чындыгында болсо, президентибиздин деңгээлинде каралат» деди.
Ошол эле учурда, ал сот өкүмүнө кийлигише албай турганын баса белгиледи.
Мындан мурун бул маселени Жогорку Кеңештин деңгээлинде да карашкан. Депутат Исманали Жороев туугандары негизсиз айыпталгандардын суроолору боюнча үн каткан. Анын айтымында, айрым учурда күнөөкөр болбогондор дагы жоопкерчиликке тартылаары жана айыпталгандардын жакындары кысымга алынганы тууралуу даттануулар бар.












