Бүгүн Бишкектин Максим Горький атындагы скверинде жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар боюнча соттолгон жарандардын жакындары чогулушту. Алар өздөрүнүн жакындарына карата козголгон айрым кылмыш иштерин негизсиз деп эсептеп, бийликти алардын арыздарына көңүл бурууга жана аталган иштерди кайра кароого чакырышты.
Митингге чыккандардын бири айтымында, кээ бир учурларда жаш жигиттер өздөрүнүн чыныгы жашын жашырган кыздар менен мамиле кургандан кийин кылмыш ишинин фигуранты болуп калышат. Ал ошондой эле айрым учурларда акча опузалоо тууралуу сөз кылышы мүмкүн экенин айтты. Бирок бул билдирүүлөрдү тастыктаган эч кандай далил келтирилген жок.
Соттолгондордун жакындары мындай билдирүүлөрдү биринчи жолу жасап жатышкан жок. Буга чейин алар Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, Кылмыш-жаза кодексинин жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштарга тиешелүү 154–158-беренелерин колдонуу практикасын изилдөөнү өтүнүшкөн.
Бул тема 29-сентябрдагы парламенттик комитеттин жыйынынан кийин кайра кеңири талкууга алынды. Депутат Айсаракан Абдибаева айрым курамдардагы мамилени, анын ичинде бойго жеткен адам өзүнүн жашы жете элек кыздын чыныгы жашын билбегенин айткан жагдайларды өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоону сунуштады.
Ушул окуядан кийин социалдык тармактарда Абдибаеваны депутаттык мандатынан ажыратуу талабы менен петиция пайда болду. Кийинчерээк ал педофилдерге жазаны жеңилдетүүнү сунуштабаганын түшүндүрдү.








