Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды президенттик шайлоого жигердүү катышууга чакырат. Шайлоого катышкан кызматкерлердин эмгек акысы үчүн жоопкерчилик иш берүүчүлөргө жүктөлөт, деп билдирди БАК төрагасы Тынчтык Шайназаров.

Шайназаровдун айтымында, добуш берүү процесси бир нече мүнөт гана убакытты алат, бирок бул өлкөнүн келечегин аныктоодо чоң мааниге ээ. Ал шайлоо күнүнүн жумуш күнү эмес, эс алуу күнү экенин баса белгиледи.

«Элбизди шайлоого келип, добуш берүүгө чакырам. Биз өлкөнүн президентин беш жылга тандап жатабыз. Ар бир жаран бул маселеге кайдыгер карабашы керек. Добуш берүү көп убакытты албайт»,
Тынчтык Шайназаров, БАК төрагасы

Эмгек акы төлөө тартиби боюнча, добуш берүүгө келген кызматкерлерге ошол күн үчүн акы сакталат, ал эми шайлоого катышпаган жарандарга төлөм жүргүзүлбөйт. БАК шайлоого кимдер келгени жана келбегени тууралуу маалыматка ээ болот. Иш берүүчүлөр өз кызматкерлеринин катышуусун тактоо үчүн комиссияга расмий суроо-талап жөнөтө алышат.

Ошону менен бирге, жарандардын кимге добуш бергени тууралуу маалымат купуя бойдон калат.