Жайыл районунун Ставрополка айылынын тургуну болгон студентка өз үй-бүлөсүнүн жашоосу боюнча жардам суранган. Анын айтымында, үй-бүлөсү 2004-жылы үйгө болгон документтерди каттоо процедурасын аягына чыгара албагандыктан, турак жай муниципалдык менчикке өтүп кеткен. Аталган үй-бүлөнүн ата-энеси II топтун майыптыгы бар адамдар болуп саналат.
Президент Садыр Жапаров бул кайрылууну угуп чыгып, тиешелүү органдарга эски үйлөрдү мыйзамдуу каттоого алууну жана аларды ээлерине кайтарып берүүнү тапшырды.
Эски үйлөрдү мыйзамдуу кылып, аларды ээлерине кайтарып бериңиздер. Сиздер ушундай жол менен мамлекетти байыта аласыздарбы?












