Бакыт Бакетаев «Кабар» агенттигине берген маегинде Президент Садыр Жапаровдун элди бөлүүгө жана улуттар аралык чыр-чатактарды жагууга болбойт деген эскертүүсү өз убагында айтылганын белгиледи.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле мыйзам бузуучуларды аныктоо үчүн жетиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар.

40 000 даана видеокамера

Өлкөдө коопсуздукту камсыздоо үчүн видеокамералар орнотулган.

Политологдун белгилегендей, бүгүнкү күндө видеокөзөмөл системасы аркылуу ким эмне менен алектенет, аны ыкчам аныктоо мүмкүнчүлүгү жогору.

Азыр XXI кылым. Кыргызстанда 40 миң видеокамера орнотулган. Бүгүнкү күндө ким эмне менен алектенет, аны ыкчам аныктоо үчүн мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Ошондуктан президенттин эскертүүсүн олуттуу кабыл алуу керек. Ал себепсиз эскерткен эмес.
Бакыт Бакетаев

Дүйнөдөгү геосаясий кырдаал өтө чыңалуулуу экенин айткан Бакетаев, жаштардан баштап улуу муунга чейинки бардык коомчулук өкүлдөрү өлкөдөгү тынчтык менен туруктуулукту сактоого жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек деп баса белгиледи.

Ошондой эле ал кыргыз-өзбек жана кыргыз-кытай мамилелерине токтолуп, улуттар аралык бөлүнүүнү жана чыр-чатактарды жараткан аракеттерди алдын алуу зарылдыгын белгиледи. Мындай чакырыктардын кесепети биринчи кезекте жөнөкөй жарандарга жана алардын жакындарына тиетиши мүмкүн экенин кошумчалады.