Улуттар аралык чыр-чатактардын кесепти эч ким жеңүүчүсү жок жарандык согушка окшош экенин айтты. Марат Иманкуловдун айтымында, мындай окуялар эң биринчи кезекте жөнөкөй элге сокку урат. Өкмөт жана президент мындай кырдаалдарды алдын алуу максатында алдын ала иш алып барууда.

Эгерде Президент мындай билдирүү менен чыкса, анда анын колунда атайын кызматтар жана күч түзүмдөрү тарабынан тастыкталган маалыматтар бар дегенди билдирет.
Марат Иманкулов

Иманкуловдун маалыматы боюнча, бул козголуулар бир гана президенттик шайлоону бузууга багытталган эмес. Алардын максаты — бүтүндөй Борбордук Азия регионунун өнүгүүсүн токтотуу жана ири инфраструктуралык долбоорлорго зыян келтирүү. Мындай пландарды ишке ашыруу үчүн эл аралык экстремисттик жана террористтик уюмдардын колдоосу колдонулушу мүмкүн.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин экс-катчысы 1990-жылдагы жана 2010-жылдагы окуяларды эске салып, кырдаалды турукташтырууга түздөн-түз катышканын айтты. Ал улуттар аралык провокацияларды уюштуруп жаткан же ага катышууга ниет кылгандорго олуттуу эскертүү берилгенин белгиледи.