Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кадамжай» жана «Чечме» өткөрүү пункттарында коррупциялык схемага шек саналып кызматкерлердин массалык кармалышы боюнча видео жарыялады.
Видеодо жарандар акча тапшырган учурлар жашыруун камера аркылуу тартылып, мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенгени аныкталган.
Кармалгандардын катарында чек арачылар, бажы кызматкерлери жана башка атайын органдардын кызматкерлери бар. Бул факты боюнча пара алуу беренеси менен кылмыш иши козголду.
Массалык кармалоо боюнча негизги маалыматтар














