Перуда мэрликке өткөн шайлоонун жыйынтыгы күтүлбөгөн жол менен чечилди. Эки талапкер бирдей сандагы добуштарды алгандыктан, жеңүүчүнү аныктоо үчүн тыйын таштоо чечими кабыл алынган.
Номад ТВ билдиргендей, ачык түрдө өткөрүлгөн таштоо учурунда «орто» (решка) тарабы чыкты. Бул натыйжа Рубен Киспе Капаханьеге жеңиш алып келди.
Мындай ыкма кокусунан эмес, өлкөнүн шайлоо эрежелеринде добуштар тең болгон учурда колдонулушу каралган.








